Кыргызстан айрым араб өлкөлөрү үчүн 2025-жылдын 4-январынан тарта визасыз режимди киргизет. Аталган өлкөлөрдөн келген туристтер Кыргызстандын аймагында 180 күн уруксат берүүчү документтерди албастан жүрө алат.
Алар: Сауд Арабия; Бириккен Араб Эмираттары; Катар; Кувейт; Оман; Бахрейн.
Ал эми башка максат менен кирген учурда (иштөө, окуу) виза талап кылынат. Бул чаралар туристтик агымды жана инвестициялык, ишкердик шарттарды жакшыртууга багытталган.










