УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тажик тарап чек арадан чыгып, анклавдын 19 миң гектар жерин колдонуп келгенин, сүйлөшүүлөрдөн кийин аларга 14,5 миң гектар жер калганын айтты.
УКМК төрагасы тажик тарап Ворух анклавынан 5 миң гектар жайыт сураганын, бирок кыргыз тарап анклав чоңоюп кетет деп, миң гектар эле бергенин белгиледи.