“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” долбоорунун интеллектуалдык менчик укугу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине өткөрүлүп берилдигин министрликтен билдиришти.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (ДКО) автору жана демилгечиси Асхат Акибаев долбоорго карата интеллектуалдык менчик укуктарын Кыргыз өкмөтүнө расмий түрдө өткөрүп берди.
“Мындан ары мамлекет Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Кыргызстанды таанымал кылган улуттук бренд катары өнүктүрүүдө жана анын глобалдык платформасын кеңейтүүдө системдүү, узак мөөнөттүү ишмердүүлүктү улантат”, — деп айтылат маалыматта.
ДКОнун концепциясы 2008-жылы иштелип чыгып, 2011-жылы Кыргызпатент тарабынан катталып, автордун интеллектуалдык менчиги катары юридикалык жактан бекитилген.
Интеллектуалдык укуктардын мамлекеттик органга өткөрүлүшү бир катар стратегиялык максаттарды көздөйт:
- мамлекеттин долбоорду башкаруудагы, өнүктүрүүдөгү жана глобалдык деңгээлде илгерилетүүдөгү жетекчилтик ролун чыңдоо;
- Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын институционалдык туруктуулугун камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык аренадагы маданий-спорттук позицияларын кеңейтүү;
- ДКОну улуттук мурас катары сактап, келечек муундарга жеткирүү.












