Кыргызстанда январь-февраль айында кызамыктан 8 бала каза болду. Президенттик аппаратта кызамык оорусунун өсүү тенденциясы талкууланды.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө өзгөчө Бишкек, Ош, Чүй жана Ош облустарында кызамык оорусунун өсүшүнүн кооптуу тенденциялары талданды. Саламаттыкты сактоо министрлигине комплекстүү план иштеп чыгуу, кырдаалга мониторингди күчөтүү жана аймактарда тез чара көрүү үчүн вакцина менен жетиштүү камсыз кылуу тапшырылды.
Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жалпы облус боюнча кызамык оорусу күч алып жатканын билдирди.
«Өлкөдө өтө кооптуу кырдаал түзүлдү. Өткөн жылы алты өлүм катталса, ушул жылдын январь жана февраль айларында эле бул оору сегиз баланын өмүрүн алган. Ар бир райондун жетекчиси коңгуроо кагып, кырдаалды жеке көзөмөлүнө алышы керек. Биз жалпы вакцинацияга жетишүү үчүн күч-аракетти күчөтүшүбүз керек», — деди орун басар.









