Бүгүн, 30-январда президент Садыр Жапаров Тянь-Шандын Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагында жайгашкан аты жок тоо чокусуна “Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу” деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндөгү мыйзамга кол койду.
Ал чокунун бийиктиги 5576 метр. Аталган мыйзам 2024-жылдын 25-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.