Кыргызстанда төрөлгөндүгү жөнүндө, никеге тургандыгы жөнүндө, никенин бузулгандыгы жөнүндө, фамилиясын, ысымын, атасынын атын өзгөрткөнү жөнүндө, өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктөр А4 форматтагы барак болот.
“Кызмат” мамлекеттик ишканасынын маалыматына караганда аларды “Түндүк” тиркемесинен онлайн пайдаланса болот. Алар өлкө ичинде толук юридикалык күчкө ээ. Кагаздагы QR-код менен аныктыгы текшерилет. Документти өлкө чегинен тышкары көрсөтүү зарыл болгон учурлар үчүн экинчи формат – катуу типографиялык бланк каралган.









