Саламаттыкты сактоо министрлиги жүлүн булчуң атрофиясы менен жабыркаган балдардын абалы тууралуу маалымат берди.
Бүгүнкү күндө Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жүлүн булчуң атрофиясы диагнозу коюлган 39 бала катталган. Алардын ичинен 12 бала дарыланууда: 4 бала чет өлкөлөрдө терапиядан өтүүдө, ал эми 8 бала Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун бөлүмүндө зарыл дары каражаттарды алууда.
Азыркы учурда жүлүн булчуң атрофиясын толук айыктыруучу дарылоо ыкмалары жок. Бирок заманбап терапия оорунун өнүгүүсүн олуттуу жайлатууга жана бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Кыргызстанда балдардын дарылоосу Жогорку технологиялар фондунун каражаттарынын эсебинен камсыздалат, алар «Рисдиплам» препаратын сатып алууга багытталган.