Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, илимий кызматкерлердин эмгек акысы 100 пайызга, ал эми илимий институттарда иштеген жардамчы тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысы 80 пайызга жогорулатылат.
Президент Садыр Жапаровдун Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө системасын өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында чыгарылган №368-жарлыгын ишке ашыруу үчүн Министрлер кабинетинин “Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жана штаттык саны жөнүндө” токтом долбоору даярдалган.
Бул токтом долбоору тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашылып, бирдиктүү чечим катары кабыл алынган. Ошону менен бирге, айрым маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда “эмгек акы 50 пайызга гана жогорулатылып жатат жана бул президенттин жарлыгына туура келбейт” деген маалыматтар тарап жатканы белгилүү болду. Бул маалыматтар чындыкка дал келбейт, алардын кандай максатта таратылып жатканы жана булагы белгисиз.










