2025-жылдын 1-январынан тарта чет элдик жарандарга уруксат алуу процесси өзгөрөт. Бул тууралуу Эмгек министрлиги кабарлады.
Жаңы эрежеге ылайык, эми бардык документтерди evisa.e-gov.kg порталы аркылуу «бирдиктүү терезе» принциби боюнча тапшырса болот. Сурап-билүү үчүн 0312603070 же +996703428865 номурларына кайрылсаныздар болот.
Жаңы эрежелерди ишке ашырууга даярдануу үчүн ework.e-gov.kg порталы 2024-жылдын 25-декабрынан тартып квота жана иштөөгө уруксат алуу үчүн документтерди кабыл алууну токтотот.
Өзгөртүүлөр Кыргызстанда иштеген чет элдик жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга уруксат берүүнү жөнгө салган жаңы убактылуу жобону бекитүүгө байланыштуу болуп жатат.
Эмгек департаменти тапшырууну пландаштырып жаткандарга 2024-жылдын 25-декабрына чейин тапшырууну сунуштайт.