Кыргызстанда жасалган паспорттор Түштүк Африкага экспорттоло баштады. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынан билдиришти.
Президенттин иш башкармасына караштуу “Учкун” ачык акционердик коому менен Түштүк Африкадагы Намибия Республикасынын ортосунда 130 миң даана биометрикалык паспорт боюнча биринчи контракт буга чейин түзүлүп, даяр продукция ийгиликтүү жөнөтүлгөн. Намибия тарап чыгарылган документтердин сапатына жогорку баа берип, ыраазычылыгын билдирген.
Бүгүн, 10-июнда Намибиянын расмий делегациясы Бишкекке келип, экинчи контрактты түзүү боюнча расмий жолугушуу өткөрүштү. Ошондой эле алар ушул жаатта гана токтоп калбастан, башка тармактарда дагы “Учкун” менен кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.
«Бул ири жетишкендик — президент Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси жана саясий эрки менен мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгү өнүгүп, өлкөнүн полиграфиялык тармагы эл аралык деңгээлге чыгып жаткандыгынын ачык далили«,- деп айтылат маалыматта.