Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча өткөн жумада курч респиратордук вирустук инфекциялардын 10 796 учуру катталган. Ал эми сасык тумоонун 73 учуру катталып, мурдагы жумага салыштырмалуу 3 пайызга өстү.
Ооругандардын 483ү ооруканага жаткырылган. Эпидемияга каршы иш-чараларды өз убагында уюштуруу жана оорунун алдын алуу максатында мектептерде балдардын сабакка катышуусуна мониторинг жүргүзүлүүдө.