Шейшемби, 07.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Кыргызстандык банктын күмөндүү операцияларга тиешеси бар деген айыптоолор негизсиз

17:06 07.04.2026
0
Кыргызстандык банктын күмөндүү операцияларга тиешеси бар деген айыптоолор негизсиз
Кыргызстандык банктын күмөндүү операцияларга тиешеси бар деген айыптоолор негизсиз. Мындай чечимди жакында Брюссель соту чыгарды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов соцтармактагы баракчасына жазды.

“Бакай Банк” банкы “Ачык диалог фонду” (Open Dialogue Foundation, ODF) поляк-бельгиялык өкмөттүк эмес уюмуна каршы козголгон сот ишин утуп алды. 2023-жылы ODF өз сайтында макалаларды жарыялап, анда “Бакай Банкты” Россиянын пайдасына санкция чараларын айланып өтүү схемаларына катышкан деп шек санап, ага карата санкция киргизүүнү сунуштаган. “Бакай Банк” жалган айыптоолору үчүн ODF уюмун сотко берип, сот банктын пайдасына чечим чыгарды. Брюсселдин француз тилдүү ишкердик соту «Ачык диалог фонду» жетиштүү конкреттүү далилдерди келтирбестен олуттуу жана максаттуу айыптоолорду койгон деген тыянакка келген. Сот уюмду талаштуу макалаларды өчүрүүгө, соттун чечиминин толук текстин өзүнүн сайтынын башкы бетине жайгаштырууга жана сот чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттендирди.

Ошол эле учурда Кыргызстандын дагы бир банкы – “Керемет Банк” Россияга каршы киргизилген чектөөлөрдү кыйгап өтүүгө шектелип, АКШ жана Улуу Британия тарабынан санкцияларга кабылган. Өз кезегинде “Капитал Банк” дагы Улуу Британиянын санкциялык тизмесине киргизилген. Бул жерде маанилүү бир жагдай: санкциялар айыптоо мүнөзүнө гана ээ. Башкача айтканда, банктар санкцияларды кыйгап өтүүгө болгону шектелип жатат. Азырынча АКШ да, Улуу Британия да мыйзам бузуулар боюнча конкреттүү далилдерди коомчулукка ачык жарыялай элек.

Президент Садыр Жапаров бул айыптоолорду бир нече жолу четке кагып, ата мекендик банктарга карата санкциялар айрым өкмөттүк эмес уюмдар жана ак ниетсиз тараптар тараткан жалган маалыматтарга негизделгенин баса белгилеп келген. Буга байланыштуу мамлекет башчысы банктардын ишин толук жана калыс текшерүү үчүн Кыргызстан эл аралык көз карандысыз аудит өткөрүүгө даяр экенин билдирген. “Бакай Банк” боюнча сот чечими Кыргыз Республикасынын эл аралык укук нормаларын сактагандыгынын жана ата мекендик бизнестин кызыкчылыктарын чет элдик соттордо коргоого даяр экенинин айкын далили. Башка кыргыз банктарына каршы санкцияларды негиздеген конкреттүү далилдер жок болгондуктан мамлекеттин позициясы өзгөрүүсүз бойдон калат: Кыргызстан өзүнүн финансылык түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгү толук ачык жана мыйзамдуу экенин тастыктоого ар дайым даяр.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Баткенде айгүл гүлү гүлдөдү

Баткенде айгүл гүлү гүлдөдү

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:10 07.04.2026
0

Баткен жергесинин керемети жана символу болгон айгүл гүлү гүлүн ачты. Учурда гүл тегиз гүлүн ачып турган мезгил. Узун жалбырактуу, кызгылт...

Үй-бүлөсүнө басым жасаган делген УКМКнын кызматкери кызматтан убактылуу четтетилди

Үй-бүлөсүнө басым жасаган делген УКМКнын кызматкери кызматтан убактылуу четтетилди

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:18 06.04.2026
0

Кечээ, 6-апрелде жалпыга маалымдоо каражаттарында А.О. аттуу жаран үй-бүлөсүнө басым жасаган УКМКнын кызматкери Б.Р.ге карата чара көрүүнү өтүнүп мамлекет башчысына...

Лейлекте жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери өтө оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган

Лейлекте жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери өтө оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:12 06.04.2026
0

4-апрелде Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна тез медициналык жардам аркылуу 2004-жылы туулган Н.Д. аттуу бейтап (аскер...

Көп кабаттуу үйдөн апасы менен кошо кулаган кыз жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылды

Көп кабаттуу үйдөн апасы менен кошо кулаган кыз жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:41 05.04.2026
0

Саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов жабыркаган 2022-жылы туулган кыз дарыланып жаткан Шаардык тез медициналык жардам клиникалык балдар ооруканасына барды. Бала...

Бишкекте 740 жаңы дарак отургузулду

Бишкекте 740 жаңы дарак отургузулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:00 05.04.2026
0

«Адинай» паркында Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте, мэр Айбек Жунушалиевдин катышуусунда массалык дарак...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
NASA Айдын Жерден көрүнбөгөн арткы тарабын көрсөттү

NASA Айдын Жерден көрүнбөгөн арткы тарабын көрсөттү

09:46 07.04.2026
Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты

Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты

19:11 06.04.2026
Тармактык комитет Германиядагы элчиликтин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматын укту

Тармактык комитет Германиядагы элчиликтин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматын укту

14:10 07.04.2026
Раззак Бейшекеев Азия чемпионатынын финалына чыкты

Раззак Бейшекеев Азия чемпионатынын финалына чыкты

17:52 07.04.2026
Үрөй учурган окуя: чет элдиктер кыргызстандыктан үч баланы сатып алып, аларды кыйнашкан

Үрөй учурган окуя: чет элдиктер кыргызстандыктан үч баланы сатып алып, аларды кыйнашкан

17:48 07.04.2026
УКМК: Аламүдүн райондук сотунун судьясы коррупцияга шектелип кармалды

УКМК: Аламүдүн райондук сотунун судьясы коррупцияга шектелип кармалды

17:28 07.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү