29-августтан 4-сентябрга чейин Болгариянын Шумен шаарында IX Европа өспүрүмдөр информатика олимпиадасы өттү. Олимпиадага 15 жашка чейинки окуучулар 24 өлкөдөн катышты. Кыргызстандан бул олимпиадада 4 окуучу катышып, алардын үчөө коло медаль алды.
Коло медаль алган окуучулар:
— Эмирхан Сыдыкбаев, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 8-классынын окуучусу (Бишкек шаары);
— Актан Мавлянов, Intellect Pro мектебинин 9-классынын окуучусу (Бишкек шаары);
— Аруубек Баймырзаев, «Акылман» президенттик лицейинин 9-классынын окуучусу (Чолпон-Ата шаары).











