Abank july
SerepTV Logo

Кыргызстандык окуучулар IOI 2026 олимпиадасында тарыхый жыйынтык көрсөтүштү

Кыргызстандык окуучулар IOI 2026 олимпиадасында тарыхый жыйынтык көрсөтүштү
 
9-16-август күндөрү Ташкент шаарында 38-Эл аралык информатика олимпиадасы (IOI 2026) өттү. Олимпиадага 97 өлкөдөн 379 окуучу катышты. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен маалымдашты.

Кыргызстандын командасынан 4 катышуучу - 4 медаль алып, 100% медалдык көрсөткүчкө жетишти. Команда 2 күмүш жана 2 коло медалга ээ болду.
🥈 Рамазан Мананов - «Амбассадор Интернешнл Скул» эл аралык мектеби
🥈 Алихан Айдарбеков - «Амбассадор Интернешнл Скул» эл аралык мектеби
🥉 Абдуллахан Абдирасулов - «Амбассадор Интернешнл Скул» эл аралык мектеби
👨‍🏫 Тренерлери: Кылычбек Урайымов, Айдар Мундузбаев
🥉 Ян Бобрус - «Газпром Кыргызстан» мектеби
👨‍🏫 Тренерлери: Вячеслав Муравьев, Анатолий Игнатьев, Медербек Осмонов 

Командалык эсепте Кыргызстан 97 өлкөнүн ичинен 20-орунду ээледи. Бул - Кыргызстандын IOIге катышуу тарыхындагы эң мыкты командалык жыйынтык. Команда жетекчилери: Кылычбек Урайымов жана Артем Беляев.