Кыргызстандыктар бул жылы кайсы күндөрү эс алышат, бекитилди. Президент Садыр Жапаров Эмгек кодексине кол койду.
Документке ылайык, 23-февраль, 7-апрель, 7-8-ноябрь майрам бойдон калат, бирок иш күн болот. Дем алыш күндөрүн жылдыруу нормасы жокко чыгарылды. Мурда майрам ишемби же жекшембиге туура келсе, эс алуу күнү кийинки жумуш күнүнө которулчу. Жаңы мыйзамга ылайык андай болбойт.
Мындан башка эс алуу күндөрү деп төмөнкү күндөр жарыяланды:
* Жаңы жылдык эс алуулар 1-январдан 8-январга чейин;
* 8-март, 21-март, 5-май жана 31-август мурдагыдай эле дем алыш болот;
* Май айында 1-майдан 10-майга чейин;