Жума, 17.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Кыргызстандын мектептеринде акча чогултууга тыюу салынды. Жарлыкка кол коюлду

10:07 27.05.2023
1
Кыргызстандын мектептеринде акча чогултууга тыюу салынды. Жарлыкка кол коюлду

Президент Садыр Жапаров  “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Соңку жылдары Министрлер кабинети, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында (1-класстан 11-класска чейинки мектептерде) акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууларга жол бербөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

«Бирок тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан, кабыл алынган чечимдерди жана актыларды бузуу менен мектептерде окуучулардын ата-энелеринен (аларды алмаштыруучу адамдардан) окуу классын/жайын оңдоого, кайтарууга, окуу класстары үчүн зарыл болгон буюмдарды (принтер, проектор, парда, бор, чүпүрөк, чака, самын ж. б.) сатып алууга жыл сайын акча каражаттарын чогултуу практикасы уланууда.

Ошол эле учурда мектептерде акча каражаттарын чогултуу окуучулардын ата-энелерине (аларды алмаштыруучу адамдарга) таасир этүү, анын ичинде моралдык-психологиялык басым көрсөтүү жолу менен кылынуучу мажбурлоо мүнөзүнө ээ жана мугалимдер, ата-энелер комитеттери, коомдук фонддор жана мектептердин алдындагы башка коммерциялык эмес уюмдар аркылуу жүзөгө ашырылууда. Өз кезегинде ата-энелер мектепте мугалимдер, башка ата-энелер же мектептин администрациясы тарабынан баласына терс мамиле болушу мүмкүн деп даттануу берүүдөн кооптонушууда.

Ошону менен бирге, окуучулардын ата-энелеринин “мектептин муктаждыктарына” деген мажбурланган төгүмдөрү үй-бүлөлүк бюджетке, биринчи кезекте көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө оор жүк болуп жатат«,- деп айтылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун сактоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

1. Мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында (1-класстан 11-класска чейинки мектептерде) төмөнкүлөргө тыюу салынсын:

– мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга;

– мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө.

2. Мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарына (1-класстан 11-класска чейинки мектептерге) оңдоп-түзөөгө, кайтарууга жана зарыл болгон тиричилик предметтерин сатып алууга акча каражаттары милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен бөлүнөт деп белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

– мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында (1-класстан 11-класска чейинки мектептерде) акча каражаттарын чогултууга тыюу салган ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бекитүүсүнө бир айлык мөөнөттө киргизсин, анда мыйзам бузууга жол берген адамдардын жоопкерчилиги каралсын;

– мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында (1-класстан 11-класска чейинки мектептерде) акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууга жол бербөө боюнча ишти күчөтсүн;

– Бишкек жана Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктарынын начальниктери, райондордун жана шаарлардын билим берүү бөлүмдөрүнүн (борборлорунун) башчылары, мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарынын (1-класстан 11-класска чейинки мектептеринин) жетекчилери тарабынан ушул Жарлыктын талаптарын сакталышына контролду күчөтсүн;

– бул Жарлыкты мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарынын (1-класстан 11-класска чейинки мектептеринин) жетекчилерине кол койдуруу менен жекече жеткирсин;

– мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында (1-класстан 11-класска чейинки мектептерде) мыйзамсыз акча чогултуу маселелери боюнча “түз байланыштын” ишин уюштурсун.

4. Мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарынын (1-класстан 11-класска чейинки мектептердин) жетекчилери:

– мамлекеттик жалпы билим берүү уюмунун (1-класстан 11-класска чейинки мектептердин) педагогикалык кызматкерлерине жана административдик персоналына төмөнкүлөргө тыюу салсын:

окуучулардын ата-энелеринен (аларды алмаштыруучу адамдардан) акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууга; финансылык маселелерди кароодо көзөмөлчүлүк кеңештеринин жана ата-энелер комитеттеринин ишине катышууга;

– ата-энелер комитеттеринин арасында окуучулардын ата-энелеринен (аларды алмаштыруучу адамдардан) мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга жол бербөө жөнүндө түшүндүрүү ишин жүргүзсүн;

– бул жарлыкты мамлекеттик жалпы билим берүү уюмунун ар бир педагогикалык кызматкерине кол койдуруу менен жекече жеткирсин.

5. Акча каражаттарын мыйзамсыз алуу же окуучуларга жана алардын ата-энелерине (аларды алмаштыруучу адамдарга) моралдык-психологиялык басым көрсөтүү фактылары аныкталган учурда күнөөлүү адамдарга ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик жаза чаралары көрүлсүн.

6. Бул жарлык “Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана “Меценаттык жана соопчулук иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында инвестицияларды тартуу үчүн мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарынын (1-класстан 11-класска чейинки мектептердин) жетекчилери тарабынан жүзөгө ашырылуучу ишке жайылтылбайт.

7. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети үч айлык мөөнөттө:

– өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул жарлыкка ылайык келтирсин;

– ушул жарлыкты ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Араванда капуста бышып, сатыкка чыкты

Араванда капуста бышып, сатыкка чыкты

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:16 17.04.2026
0

Ош облусунун Араван районунда башка аймактарга салыштырмалуу жашылча жемиштер 2-3 жума эрте бышат. Учурда капустанын басай сорту бышып, дыйкандар экспортко...

Төө-Ашуу жана Өтмөктө кар жаап жатат

Төө-Ашуу жана Өтмөктө кар жаап жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:49 16.04.2026
0

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу 15-апрелден 19-апрелге чейин жаан-чачын күтүлүп, абанын температурасы жогорулайт. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу...

Президенттин Ошко иш сапары жыйынтыкталды: жарандардын кайрылуулары көз жаздымда калбайт

Президенттин Ошко иш сапары жыйынтыкталды: жарандардын кайрылуулары көз жаздымда калбайт

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:40 16.04.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун Ош облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды. Өлкө башчысы Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев менен биргеликте...

Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:52 16.04.2026
0

Кечээ, 15-апрелде Бишкек шаарынын ЖЭБнин базасында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиевдин төрагалыгы алдында...

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:04 15.04.2026
0

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча: учурда тоннелдерди казуу жана инфраструктураны даярдоо иштери жүрүүдө. Инфраструктура жаатында: убактылуу...

Комментарийлер 1

  1. Замира says:
    3 года ago

    Биздин мамлекеттик мыйзамды иштетсе эле болду..мыйзамсыз акча чогултууларга тыюю салынып калат.Ажообуз го жарлыкка кол койду,бирок билим беруу жана илим министрлигиндеги жемкорлукка конгон тамырлар оздоруно ылайыктап жоболоштуруп коюшат…айтпады дебегиле..Билим беруу ьолгондон кийин бакчаларды,балдар интернаттарын да кошсо болмок

    Ответить

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Ошто түнү мушташкан жарандардын видеосу боюнча уруп-сабоого шектүү кармалды

Ошто түнү мушташкан жарандардын видеосу боюнча уруп-сабоого шектүү кармалды

09:40 17.04.2026
Ош шаарында 6-кабаттан студент кыз боюн таштаган, учурда жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда

Ош шаарында 6-кабаттан студент кыз боюн таштаган, учурда жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда

10:21 17.04.2026
91 миллион сомдон ашык салыкты мыйзамсыз эсептөө аныкталды

91 миллион сомдон ашык салыкты мыйзамсыз эсептөө аныкталды

10:46 17.04.2026
Маматалиев кыргызстандыктар үчүн Түркиянын ооруканаларында дарыланууга бөлүнгөн квотаны көбөйтүүнү сунуштады

Маматалиев кыргызстандыктар үчүн Түркиянын ооруканаларында дарыланууга бөлүнгөн квотаны көбөйтүүнү сунуштады

16:38 17.04.2026
Милиция кызматкерлеринин кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Милиция кызматкерлеринин кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

11:40 17.04.2026
УКМК Ош мэриясындагы жасалма тендерге байланыштуу коррупциялык схеманы аныктады

УКМК Ош мэриясындагы жасалма тендерге байланыштуу коррупциялык схеманы аныктады

11:24 17.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү