Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу маалымат берип, Стамбул шаарындагы кырдаалга байланыштуу 21-мартта Нооруз майрамын белгилөө токтотулганын билдирди.
«Урматтуу Стамбул шаарында жашаган мекендештер! Стамбул шаарындагы кырдаалга байланыштуу 21-мартта Нооруз майрамын белгилөө токтотулду. Сиздерди эл көп топтолгон жерден алыс жана этият болууңузду өтүнөбүз», — деп айтылат маалыматта.
Түркиянын Стамбул жана башка шаарларында нааразычылык акциялары башталган. Нааразычылык акциясы келерки президенттик шайлоодо түрк лидери Режеп Тайып Эрдогандын негизги атаандашы деп эсептелген шаардын оппозициячыл мэри Экрем Имамоглунун кармалышынан кийин башталган.