Кыргызстандын жана Кытайдын биринчи айымдары кыргыз маданияты менен таанышты
Кыргыз Республикасынын биринчи айымы Айгүл Жапарова жана Кытай Эл Республикасынын биринчи айымы Пэн Лиюань бүгүн, 31-августта Кыргыз мамлекеттик тарых музейине барып, кыргыз элинин бай маданий мурасы менен таанышты.
Жогорку даражалуу коноктор үчүн балдар хору кыргыз жана кытай тилдеринде саламдашуу чыгармаларын аткарып беришти. Маданий программанын алкагында биринчи айымдар кыргыз жана кытай элдеринин каада-салтын жана өзгөчөлүгүн чагылдырган көргөзмө менен таанышышты. Ошондой эле кыргызстандык жана кытайлык дизайнерлердин коллекциялары сунушталды. Программанын өзгөчө бөлүгүн “Элечек - кыргыз аялзатынын баа жеткис мурасы” аттуу көрсөтүү түздү.
Иш-чара Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өттү.