Кыргызстан чет элдик жарандарга виза берүүнүн айрым жол-жобосун өзгөрттү. Бул тууралуу кечээ, 13-январда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, Министрлер кабинетинин 10-январдагы токтомунун негизинде чет элдик жарандар ыкчам кызмат көрсөтүү тарифин тандаган маалда алардын арызы келип түшкөндөн кийин 24 сааттын ичинде визасы даярдалат.
«Кыргызстанга ишкердик, туристтик же жеке максаттар менен (досторуна келүү, медициналык текшерүүдөн өтүү жана башка) келүүнү көздөгөн чет өлкөлүк жарандар үчүн бир жолу же көп жолу кирип-чыгууга мүмкүнчүлүк берген 90 күнгө чейинки мөөнөткө «Сапар визасы («J» тиби)» деген жаңы категориядагы визаны даярдоо мүмкүнчүлүгү ачылат. Буга чейин колдонулган «ишкердик», «туристтик», «тоо туризми» категорияларындагы визалар жоюлат», — деп жазылган маалыматта.
Жогорудагы саамалык 2025-жылдын 22-январынан баштап «Электрондук виза» порталында жеткиликтүү болот.