Abank july
SerepTV Logo

Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышпай тургандыгы маалымдалды

Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышпай тургандыгы маалымдалды
"Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Бишкек шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышпагандыгына байланыштуу төмөнкүлөрдү билдиребиз". Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов маалымдады.

"Си Цзиньпин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өлкөбүздө өтүп жаткан маанилүү эл аралык иш-чараларга, анын ичинде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуусу пландалган. Бирок Кытай Эл Республикасынын Тибет автономиялуу районунда адам курмандыктарына жана адамдардын дайынсыз жоголушуна алып келген табигый кырсык орун алгандыгына байланыштуу, КЭР төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышпай эле коюу суранычын билдирген.

Мындай оор кырдаалда Кытай Эл Республикасынын төрагасынын өз өлкөсүндө болуп жаткан кырсыктын кесепеттерин жоюуга, издөө-куткаруу иштерин уюштурууга жана бул багыттагы иштерди тиешелүү мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта туруп жеке көзөмөлдөөгө артыкчылык берүүсү жөндүү жана жүйөлүү деп эсептейбиз. Кыргыз тарап бул жагдайга түшүнүү менен мамиле кылат жана Кытай элинин башына түшкөн оор сыноого байланыштуу көңүл айтат. Кырсыктан каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, дайынсыз жоголгондордун аман-эсен табылышын жана издөө-куткаруу иштеринин ийгиликтүү аякташын каалайбыз. Ошону менен бирге, Кытай Эл Республикасынын төрагасынын Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагындагы эки тараптуу жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр белгиленген программага ылайык улантылат", - деп жазылат билдирүүдө.
SEREP MEDIA