Бүгүн, 3-ноябрда Жазаларды аткаруу кызматынын имаратында музей жана ЖАКтын кызматкерлерине арналган спорт залдын ачылышы болуп өттү.
Иш-чарага Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, ЖАКтын жетекчиси жана кызматкерлери катышышты. Элчи ЖАКтын жетекчисине «эки элдин достугу үчүн» деп аттын статуясын белек кылды. Андан соң, иш учурунда каза болгон кызматкерлерге тургузулган эстеликтин ачылышы болуп, маркумдарга багышталып, Куран окулду.