Президент Садыр Жапаров 19-ноябрда Кытайдын Тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Ван И Кыргызстанда иш алып барган кытайлык компаниялардын өкүлдөрүнө мыйзамды так сактоо жана өлкөнүн салттарын сыйлоо эскертилип жатканын белгиледи.
Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, анын ичинде саясий диалогду бекемдөө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Садыр Жапаров практикалык кызматташууга басым жасап, айрыкча темир жана автомобиль жолдорунун курулушун, жаңы аба каттамдарын ачууну, көптөгөн тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну белгиледи.










