Жекшемби, 26.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

«Кыз узатууну ресторанда өткөрүүнүн кажети жок». Салымбеков тойдун жаңы эрежесин бөлүштү

09:49 14.11.2023
3
«Кыз узатууну ресторанда өткөрүүнүн кажети жок». Салымбеков тойдун жаңы эрежесин бөлүштү

Буга чейин үйлөнүү тойдун форматын өзгөртүү керек деген пикирин жазган ишкер жана меценат Аскар Салымбеков бул жолу тойдун концепциясы менен бөлүштү.

«Негизги суроолору тойдун концепциясын жазып эрежесин так көрсөтүп койсоңуз деген өтүнүчтөрүн эске алып, досум Кыргыз Эл сүрөтчүсү Асан Турсункулов экөөбүз кеңешип төмөнкүдөй эрежеге токтоп жатабыз:

— Той өз убагында башталышы зарыл. Канча адам келсе, ошончо адам менен тойду баштай берүү акырындап элдин өз убагында келүүсүнө шарт түзөт.
— Тойдун салтанаттуу бөлүгү.
Саат 18:00-18:30 да келинди алып кирип, жар-жар айтылып бүтөрү менен той алып баруучу тойду ачат. Биринчи каалоо тилекти той ээси жана кудасы бардык жакын туугандары менен чыгат.
1) Эки куда сүйлөп бүтөрү менен эки куда тараптан бирден аксакал каалоо айтат. Өкүл атасы дагы тилекте болот. Бул жөрөлгө эки куда миң жылдык болуп бирикти дегенди билдирет.
2) Экинчи каалоо-тилек: Аксакалдарга берилет.
3) Үчүнчү каалоо-тилек: Эки куданын достору, кошуна, тааныштары баары бир чыгышат.
Ушул менен каалоо тилек айтуу токтойт. Андан ары той акырын угулган музыканын коштоосунда адамдар бири-бири менен баарлаша ала тургандай абалда өтөт. Эки үч ыр ырдалса болот.
— Коноктор бири бири менен таанышып чер жаза сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Сый-тамак тартылып бүткөндөн кийин саат 20:30 чамасында аксакалдар ак батасын берип кете беришет.
— Антракт-тыныгуу! Тыныгуудан кийин тойдун экинчи бөлүмү башталат.
— Бул бөлүктү жаштардын салтанаттуу бөлүгү деп белгиледик. Жаштардын сааты түнкү саат 23:00гө чейин уланат (ыр-бий, оюн-зоок). Аягында той ээси өзү батасын берип жыйынтыктайт.

Тойго чейинки дагы бир көйгөйлүү маселелер бар. Ал кыз узатуу, куда тосуу. Кыз узатуу той атасынын үйүндө өткөнү дурус. Ресторанда өткөрүүнүн кажети жок. Кыз өз үйүнөн узаганы жакшы. Байыртадан эле ошондой болуп келген.

Эки жашка нике кыюу. Нике жигиттин үйүндө молдонун катышуусу менен кыйылат. Бул дагы ата-бабадан келе жаткан салт боюнча дөөлөттүн кириши кут берекенин ошол үйдө орношу менен түшүндүрүлөт. Куда чакырууда кийит алмашуу түштөндүрүү деген ашыкча ысырап жөрөлгөнү жоюу зарыл. Ал каражатты эки жашка берсек дурус болчудай. Кимде кандай ойлор болсо, ортого салып, акыл калчап, бир пикирге келип, каада салтыбызды замандын шартына жараша бир нукка салалы», — деп жазды ал.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Ысык-Көлдүн акваториясына кум жана топурак төгүлүүсү: Министрлик курулуш компанияларына текшерүү иштерин баштады

Ысык-Көлдүн акваториясына кум жана топурак төгүлүүсү: Министрлик курулуш компанияларына текшерүү иштерин баштады

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:30 25.04.2026
6

Тамчы айылында жайгашкан «Елизавета», «Урпак Резорт» жана «Авангард Стиль» курулуш компаниялары тарабынан Ысык-Көл көлүнүн акваториясына кум жана топурак төгүлүп жаткандыгы...

Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:18 24.04.2026
0

Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Иш-чарада сөз сүйлөгөн Медербек...

Айыл чарба министринин орун басары: «Өлкөдөгү эпизоотиялык кырдаал туруктуу сакталууда»

Айыл чарба министринин орун басары: «Өлкөдөгү эпизоотиялык кырдаал туруктуу сакталууда»

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:04 24.04.2026
0

«Эл үмүтү – Ата-Журт» депутаттык тобу Кыргыз Республикасындагы ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн абалы тууралуу маалымат укту. Жыйынга тиешелүү министрликтердин жана башка...

«Ишеним» депутаттык тобу Эмгек министрлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алды

«Ишеним» депутаттык тобу Эмгек министрлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алды

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:06 24.04.2026
0

Жыйында баяндама жасаган Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков министрлик тарабынан аткарылган калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга,...

Сузактагы мугалимдин окуучуга кол көтөрүшү. Министрликтен мугалимдин кызматтан бошотулганын билдиришти

Алайдагы окуучулардын ата-энелери менен мугалимдердин ортосундагы түшүнбөстүк боюнча министрлик үн катты

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:59 24.04.2026
0

Агартуу министрлиги социалдык тармактарда тараган окуучулардын ата-энелери менен мугалимдердин ортосундагы түшүнбөстүктөр боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт. Ош облусунун Алай райондук билим берүү...

Комментарийлер 3

  1. Умарали says:
    2 года ago

    Кыздын үйдөн чыгарып, кайра ушул үйгө төркүлөп келсин деп Кудайдан тилеген жакшы;
    «Жетинин бири кыдыр» эмеспи, эч болбосо жетинин биринин ак батасы тийип, бактылуу, бала-чакалуу болот;
    Кыйналбай, көп ысырап кылбай өткөрсө, ошол той өткөргөн кишинин берекеси үйүндө калмак.

    Ответить
  2. Абдыкалыкова Гулумкан says:
    2 года ago

    Кызды уйдон узатуу жакшы,Куда да уйдон тосулса.
    Уйлонуу улпоту же башка тойлор тойканаларда отсо убакыт да уномдолот,конокторду бир кундо узатасын пайдалуу жагы.

    Ответить
  3. amankulova1961g@gmail.com says:
    2 года ago

    Туура, кыз оз атасынын уйунон узвтылганы жакшы. Аскар байкенин Пикерине кошулам

    Ответить

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү