Бишкек шаарында таштандыга ташталган ымыркайды окуучу балдар таап алышкан. Окуянын кандай болгонун алар SEREPTV телеканалына айтып беришти.
Балдардын бири Байыш Алтынбаев күндөгүдөй дос баласына барып, алар мектепке баратканда ымыркайдын ыйын угуп калганын мындайча айтып берди: «Мен күнүгө эртең менен дос балама барам, ал экөөбүз мектепке барабыз. Ошол күнү таштандыга жакын жерде экөөбүз келе жатып тебишип ойноп кеттик. Анан эле мышыктын үнүнө окшош үн чыкты. Башта маани берген эмеспиз. Кийин бөбөктүн ыйлаганын уктук. Эмне экен деп барып карасак, ак баштыкта дем алып жаткандай, кыймылдаганын байкадык. Баштыкты көтөрсөк эле кызыл эти көрүнүп калыптыр. Аны ачсак эле башы көрүндү. Чочуп кетип, таштап салдык. Дос балам апасына чалды, ал жетип келди. Аңгыча эле эки байкени көрүп, аларга айттык. Алар баштыкты алып чыгышып, жерге койдук», — деди.