Кызыл-Кыя шаарындагы окуу жайда кокустук катталып, адам өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаарындагы Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык инновациялык жана экономикалык колледжинин студенттери 26-декабрь күнү саат 10:30 чамасында аталган комплекстин лабораториялык бөлмөсүндө жыйналып жаткан курулуш тактайларды сыртка алып чыгып жатканда 2006-жылы туулган аталган окуу жайдын студенти бутунан чалынып кетип жыгылып, көтөрүп бара жаткан курулуш материалы башына тийип жаракат алып, Кызыл-Кыя шаардык аймактык оорунаканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Арадан эки күн өткөндөн кийин 28-декабрь күнү каза болгон.
Бул факты 26-декабрь күнү Кызыл-Кыя ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына кокустук фактысы менен катталып, текшерүү иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Катталган материалдын алкагында колледждин жооптуу кызматкерлеринин кыймыл-аракетине Кызыл-Кыя ШИИБи тарабынан юридикалык баа берилет. Учурда тергөө иштери уланууда.