Кызыл-Кыяда 5 айдан бери дайынсыз болуп жаткан кыз Чүй облусунан табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
30-август күнү болжол менен саат 15:10 чамасында Ноокат районунун Айтамга айылынын 1996-жылы туулган тургуну, 2-топтогу майыптыгы бар Айчүрөк Эрмек кызы Кызыл-Кыя шаарынан Айтамга айылына каттаган коомдук маршруткага отуруп, үйүнө барбай, ошол күндөн тартып дайынсыз болуп жатканын айтып, 17-сентябрь күнү апасы арыз менен кайрылган.
Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, издөө иштери башталган. Кызыл-Кыя ШИИБдин милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрүнүн издөө иштеринин натыйжасында, 20-январь күнү изделип жаткан кыз Чүй облусунун Суусамыр айылында жүргөн жеринен аныкталып, апасына тапшырылган.