Кызыл-Кыя шаарында 8 айдан бери дайынсыз болуп жаткан жаран Ысык-Көл облусунан табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Кызыл-Кыя ШИИБге Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айылынын тургуну кайрылып, 2024-жылдын 16-сентябрь күнү 35 жаштагы уулу Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан автобекеттен Бишкек шаарына такси менен кетип, 11-сентябрь күнү апасына байланышка чыгып, ошол күндөн тартып дайынсыз жоголуп кеткендигин билдирип, арыз менен кайрылган.
Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, ыкчам иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, жарандын жүргөн жери аныкталып, 2025-жылдын апрель айында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунан табылып, жеткирилген.