Кызыл-Туу - Манас-Ордо жолунда асфальт төшөлүп жатат
Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Момбеков Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар жол объектилериндеги иштердин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Анын ичинде министрдин орун басары Кызыл-Туу – Манас-Ордо автобиль жолунда аткарылып жаткан иштердин жүрүшүн текшерди. Учурда бул автомобиль жолунда асфальт басуу иштери кызуу жүрүп, жол куруу иштерине 40ка жакын атайын техника жана 50дөй жумушчу тартылып, иш алып барууда. Ал эми асфальт басуу иштерин ушул жылдын август айынын аягына чейин аяктоо пландалууда.
Министрдин орун басары жооптуу кызматкерлерге иштердин сапатын камсыз кылуу жана белгиленген мөөнөттү так сактоо боюнча боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Жол куруу иштеринин сапаты жана аткарылышы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин көзөмөлүндө.