Инстаграмдагы «Блэк лист» баракчасына «бала бакчада 5 жашар кызым чарчап калды» деген эненин суранычы жарыяланды.
Маалыматка караганда, 2019-жылы туулган Алия аттуу кыз Сокулуктагы «Алтын Балалык» балдар бакчасында 22-октябрда чарчап калган. «Дени сак, активдүү, шайыр кыз болчу. Бала бакчадагы тарбиячынын айтымында, саат 13:00дөн 15:00гө чейинки уктоо убактысында кызым уктаган боюнча чарчап калган. Тарбиячы ошол учурда компьютерде отурган экен. Ага кичинекей кыз чуркап келип, кызымдын турбай жатканын айткан. Саат 16:02 чамасында апама чалышып, тез келүүсүн суранышкан. Апам менен бир убакытта барган Тез жардам кызматы кызымды алып кеткен. Жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, бир аздан соң эле өлүмү тууралуу айтышты. Кийинчерээк кызымдын бала бакчада эле чарчап калганы маалым болду. Сокулук РИИБ териштирүү баштаган. Мен сойгонго макулдугумду берип, анализ тапшырганбыз. Анализдер 1 айдан кийин чыгып, жөнөкөй сөз менен айтканда, кусундусуна чакап калган деп чыгарып берди. Ал эми баштын желке бөлүгүндө кичине кан куюлуу бар экени да аныкталган, ал анча чоң эмес зыян катары эсептелет жана өлүмдүн себеби болуп саналбайт. Кызымдын башында эмнеге гематома болгонун билбейбиз. Эмнеге кусканы тууралуу да жазылган эмес. Гистологиянын жыйынтыгы чыкканча иш токтоп турган. Бирок азыр жыйынтык колубузда бар, бирок иш жылбай жатат. Ата-энелер менен болгон жазышууда алардын балдары үйүнө кыз кулап кетип, каза болгонун айтып барышканын айтып, жакшыбы деп сурап жатышат. Мен кызым менен эмне болгонун билгим келет. Мен тарбиячыларды, бала бакчаны күнөөлөгүм келбейт. Эгер тергөө кырсык, эч кимдин тиешеси жок десе аны да кабыл алам. А эгер карабай койгон болсочу? Менин кызым болгону 5 жашта болчу, бул ишти жоопкерчилик менен карап берүүнү суранам», — деп жазылат маалыматта.
Бул иш боюнча Чүй ОИИБ маалымат берип, аталган факты Сокулук РИИБге катталганын, иш Чүй ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынганын билдирген. «Саат 13:00 чамасында кыз тарбиячыга үшүп жатканын айтып, кийимчен уктай берүүсүн суранган. Тарбиячы аны кийими менен жаткырган. Саат 15:30 чаамасында ал кызды ойготкон. Бирок кыз эс-учу жок жаткан. Териштирүү уланууда», — деп айтылат маалыматта.