Президент Садыр Жапаровдун карындашы Лазат Нуркожоева турмушка чыгып жатат. 15-февраль күнү кечинде Бишкектеги ресторандардын биринде кыз узатуу өтөт. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.
Лазат Нуркожоеванын жолдошу белгилүү спортчу, балбан жана Париждеги олимпиаданын катышуучусу Амантур Исмаилов. Жубайлар бир нече жума мурун сөйкө салуу дөрөлгөсүн өткөрүшкөн. Той өзү 21-февралда өтөөрү айтылууда.