Арка-2 айылындагы жабыркаган эне менен кызы Ош облустук ооруканасына которулат. Бул тууралуу журналисттерге саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Ал окуя 5-январь күнү болуп, көптөгөн жаракаттар менен жабырлануучулар Кулунду жалпы практикалык борборуна жаткырылганын билдирди. Аларга медициналык жардам көрсөтүлүп, операция жасалып, жарааттар тигилген.
«Учурда алардын абалы оор бойдон калууда. Ош облустук ооруканасына которуу чечими кабыл алынган. Бул үчүн Оштон санавиация чыкты. Керек болгон учурда Бишкектен кошумча жардам алынат»,- деди ал.