Лейлек районунда снаряддын жарылуусунан жабыркаган бейтаптар санавиация аркылуу Ошко жеткирилет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
5-январда Лейлек районунун Арка айылында снаряддын жарылуусунан аял жана анын кызы жабыркаган. Жабыркагандар Кулунду Жалпы дарыгерлик практика борборуна жеткирилип, аларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Саламаттыкты сактоо министринин тапшырмасы боюнча жабыркагандар санавиация аркылуу Ош облустар аралык клиникалык ооруканасына жана Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына андан ары дарылоо үчүн которулат. Бейтаптардын абалы оор бойдон калууда.
Министрдин жетекчилиги астында адистердин кеңешмеси өтүп, ага Ош, Баткен жана Лейлек аймактык ооруканаларынын дарыгерлери катышты. Бейтаптарды жеткирүү бардык зарыл болгон медициналык жабдууларды колдонуу менен тажрыйбалуу дарыгерлердин көзөмөлүндө жүргүзүлөт.