Кечээ, 13-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Лейлек районунун Кулунду айыл аймагында УКМКнын 6-аймактык бөлүмүн ачты. Ачылыш аземине атайын кызматтын жергиликтүү бөлүмүнүн өздүк курамы, УКМК ардагерлери, жергиликтүү бийлик өкулдөрү катышты.
Камчыбек Ташиев куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып: «Бул аймакка атайын бөлүм ачуу зарылчылыгы өлкөбүздүн коопсуздугун камсыз кылуу багытында көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында келип чыкты. Кыска убакытта курулушун аяктап, пайдаланууга тапшыруу тапшырмасы урматтуу президентибиз Садыр Жапаров тарабынан коюлган болчу. Эми бардык керектүү шарттар түзүлгөн бул жаңы имаратта өзүңөрдүн мамлекетибиз, элибиз алдындагы милдеттериңерди татыктуу улантышыңар зарыл экенин дагы бир жолу эскертем», — деди.
Аймактык бөлүмдүн курулушу ушул жылдын август айында башталып, ноябрь айынын акыр ченинде толугу менен бүткөрүлгөн. Кызматкерлер үчүн заманбап бардык шарттар түзүлгөн. Аймактык бөлүмдү куруу зарылчылыгы Лейлек районунун географиялык абалынын шартына байланыштуу жаралган. Коопсуздукту камсыз кылууда ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн эми кызматкерлерге толук шарттар түзүлдү жана талаптар күчөтүлдү.
Депутат Дастан Бекешев Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) байланыштуу маселе көтөрдү. Ал жыйынтыктар мүмкүн болушунча ачык-айкын болуп, катышуучуларга өз убагында жеткирилиши...
Соцтармактарда депутат Эрулан Көкүлов менен Кайгуул милициянын маалымат бөлүмүнүн кызматкери Надырбек Жусуповдун диалогу делген аудио сүйлөшүү тарады. Бул тууралуу Спутник...
"Жогорку Кеңештин депутаты жол кыймылынын эрежелерин бузган учурда Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде жоопкерчиликке тартылат. Депутаттык кол тийбестик негизинен кылмыш...
Кечээ, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнө суроо берди. Бул суроолор айдоочулар айрым жол эрежелерин...
Депутаттардын айрымдары киргизилип жаткан өзгөртүүлөр коррупцияга жол ачат деген жүйөө менен айдоочулар жолдон экзамен тапшыруусуна каршы пикирин айтты. Бирок мыйзам...