Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
«Ленин райондук администрациясынын акими Жыргалбек Шакиев кызматынан бошотулду. Ленин районунун жаңы акими болуп, буга чейин Октябрь районунун акиминин орун басары кызматын аркалап келген Тариел Айтиев дайындалды»,- деп айтылат маалыматта.
Жыргалбек Шакиев — Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин бир тууганы.











