Бейшемби, 26.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

«Лука менин колумда жан берди». Германиялык альпинист Жеңиш чокусундагы аялды куткаруу учурунда каза болгон кесиптеши тууралуу айтып берди

11:38 29.08.2025
1
«Лука менин колумда жан берди». Германиялык альпинист Жеңиш чокусундагы аялды куткаруу учурунда каза болгон кесиптеши тууралуу айтып берди

Германиялык альпинист Гюнтер Зигмунд италиялык кесиптеши Лука Синигалья менен Жеңиш чокусунда калып калган орусиялык Наталья Наговицинаны кантип куткарууга аракет кылганын REN TV телеканалына айтып берди. Куткаруу операциясы маалында Синигальянын оң колун үшүк алып, андан соң мээси шишип каза болгон.

Гюнтер, Лука, Наталья жана топтун дагы эки мүчөсү — Роман жана Пол эртең менен Жеңиш чокусуна көтөрүлө башташкан. Гюнтер белгилегендей, биринчи лагерден экинчи лагерге өтүү узакка созулган, бирок коопсуз болгон.

Түн ортосунда Гюнтер, Наталья жана Роман чокуга карай көтөрүлүшкөн, ал эми Лука манжаларын үшүк алгандыктан артка кайтууга мажбур болгон. Гюнтер чокуга жетип, Наталья менен Роман андан 4–5 саатка артта калышкан. Түшүп келе жатканда аба ырайы кескин начарлап кеткендиктен, Гюнтер Луканын жанындагы кардан жасалган үңкүргө кайтып барган. Наталья менен Роман ошол күнү кайтып келишкен эмес.

Эртеси күнү Роман келген, бирок рюкзаксыз жана жабдуусуз болгон. Ал Натальянын бутун сындырып алганын айтып берген.

«Биз Лука экөөбүз кайра чокуга карай көтөрүлдүк. Бул жолу Лука манжалары тууралуу эч нерсе айткан эмес. Менимче, бул стресс менен байланыштуу — мындай шартта ооруну сезбей каласың», — деп эскерет Гюнтер.

Алар Натальяны табышкан, анын бутун чатырдын бөлүгү менен таңып беришкен. Ал 7 миң метрге жакын бийиктикте түнөгөнүнө карабастан, абалы салыштырмалуу жакшы болчу. Алар ага 4–5 күнгө жеткидей тамак-аш жана газ калтырышкан.

«Натальянын рациясы аркылуу база менен байланышып, 7250 метр бийиктикте чатырда ичинде калууну чечкенибизди айттык», — деп эскерет Гюнтер.

Базадагылар аларга рацияны алып, түшүүнү сунушташкан. «Шамал аябай катуу эле, бирок биз түшүшүбүз керек болчу. Натальяны чатырдын ичинде калтырдык, бирок ичиндеги шарттар нормалдуу болчу», — дейт Гюнтер.

Гюнтер менен Лука кайра Романдын жанына кайтышкан, бирок аба ырайы начар болгондуктан, андан ылдый түшө алышкан эмес. Кийинки күнү аба ырайы жакшы болбой, алар дагы бир күнгө калышкан. Үңкүрдү өзүлөрүнө ылайыкташтыруу үчүн казып башташкан.

«Мен алардан “Лука, мага жардам берип койгулачы. Мен аябай чарчадым, азыр 6500 метр бийиктебиз, иш оор болуп жатат”, дедим. Бирок Лука жардам бере алган жок. Анткени колун үшүк алып кетиптир»,- деди ал.

Катуу шамалдан улам үңкүрдүн кире бериши кар менен бүтөлүп калган. Ошондо алар түшүү керектигин түшүнүшкөн.

«Лука колу үчүн катуу санааркап жаткан. Жарым саатча түшкөндөн кийин ал каза болду. Ал менин колумда жан берди», — деди немис альпинисти.

Окуянын хронологиясы:

  • 12-августта Орусиянын жараны Наталья Наговицына 7200 метр бийиктикте бутун сындырып алган. Анын жанындагы Роман Мокринский биринчи жардам көрсөтүп, жардам чакыруу үчүн ылдыйга түшкөн.
  • 13-14-августта жабыркаган аялга италиялык Лука Синигалья менен Германиядан келген Гюнтер Зигмунд чыккан. Алар ага уктоочу баштык, тамак-аш жана газ жеткирип беришкен. Бирок аба ырайына байланыштуу алардын жолу бөгөттөлүп калган.
  • 15-августта Луканын абалы начарлап кеткен. Дарыгерлер анын мээси шишип кеткенин божомолдошкон. Кечинде лагерге жетпей каза болуп калган.
  • 16-августта Коргоо министрлигинин Ми-8 учагы 4600 метр бийиктиктеги Дикий ашуусунда катуу конгон. Андагы адамдардын баары аман калган. 4 адам жаракат алып, Караколго жеткирилген.
  • 19-21-августта учкучсуз учактар ​​Наговицынада аман экенин катташкан, бирок кар көчкү коркунучу куткаруучулар тобунун ага жакындашына тоскоол болгон.
  • 23-августта аба ырайынын кескин начарлашынан жана куткаруу тобунун жетекчисинин ден соолугунун начардыгынан куткаруу операциясын токтотууга аргасыз болушкан.

Учурдагы абал:

● Наталья Наговицына 7200 метр бийиктикте жатат. Анын абалы тууралуу маалымат жок. Эвакуация аба ырайы турукташып, кесипкөй даярдыктан өткөн команда жана тик учак менен камсыз болгондо гана мүмкүн болот.

● Каза болгон Лука Синигальянын жансыз денеси 6900 метр бийиктикте жатат. Эгер туугандары чечим чыгарса, анын жансыз денесин эмдиги жылы гана түшүрүүгө мүмкүн болот.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Текебаев: «Эл «булар дагы эмнени баштаганы жатышат?» деп ойлобойбу?» деп күмөн санадым»

Текебаев: «Эл «булар дагы эмнени баштаганы жатышат?» деп ойлобойбу?» деп күмөн санадым»

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:58 25.03.2026
0

"Айт арапасында Камчыбек Ташиев Кыргызстанга келген күнү элчиликте «Сыймык келе жатат, эртең Варшавага өтуп кетет экен» деп жарыялап калышты. «Сыймык келсе,...

1-апрелден тартып Бишкектин Кожевенная көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

1-апрелден тартып Бишкектин Кожевенная көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Автор СЕРЕП МЕДИА
18:10 24.03.2026
1

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин төрагалыгында «Дордой» базарынын аймагындагы Кожевенная көчөсүн капиталдык оңдоо...

Ошто мурдагы көрүстөндүн ордуна 1300 көчөт отургузулду

Ошто мурдагы көрүстөндүн ордуна 1300 көчөт отургузулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:28 24.03.2026
0

Бүгүн, 24-мартта Ош шаарындагы Э.Алиев көчөсүндө жайгашкан, мурда рекультивацияланган Хохлова көрүстөнүнүн аймагында кеңири масштабдагы жашылдандыруу иш-чарасы өткөрүлдү. Долбоордун негизги максаты...

Арашан-Чуңкурчак жолуна асфальт төшөлөт

Арашан-Чуңкурчак жолуна асфальт төшөлөт

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:05 24.03.2026
1

Ушул жылдын апрель айында Арашан – Чуңкурчак унаа жолу оңдолуп, асфальтталат. Бүгүнкү күндө жолдун 0-22-чакырым аралыгында кеңейтүү жана жолдун негизин...

1-апрелден тарта электр энергиясына киргизилген чектөөлөр алынат

1-апрелден тарта электр энергиясына киргизилген чектөөлөр алынат

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:02 24.03.2026
0

Кыргызстанда 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилинин аяктагандыгына байланыштуу, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин тапшырмасы менен 2026-жылдын 1-апрелинен тарта эртең мененки жана кечки жогорку...

Комментарийлер 1

  1. Патриот патриот says:
    7 месяцев ago

    Жер бетинде адамдар тамак ашка жетпей, жаман оорудан улам жанын сактап калуга аракет кылып жатышса, ан сезимдуу адам болуп туруп анчалык бийиктике чыгып адамзатка кандай пайда алып келесинер? Ушул дагы — адамзат учун женишпи ?
    Ошончо бийиктике чыгып, оз омурун тобокелдике салып эмне кереги бар?
    Адамдарды кыжаалатчылыка салып эмне кереги бар? Эверест, Жениш чокусу, Ленин чокусуна адамдарды жонотуп кереги жок,себеби ал жак буткул адамзат учун таза сакталышы керек, таза суунун запасы ошол монгулор да, ал жака вертолёт учуп барса, тынч жаткан монгулор катуу ундун дабышынан монгу кулайт, анын устуно барган адам кайтып келиши кумон экен, таза монгулорду мусорго толтуруп эмне кереги бар, жаратылышты акча менен ондой албай турган нерсени кылбай эле коюш керек, адьпинизмди монгусу жок жерге деле кылса болот го, олконун онугушо башка жактан каражат издеш керек ал монгулорго тийбеш керек, эч Ким чыкпаш керек, адамзатка кыжаалатчылык алып келбеш керек, бул менин кыргыз элим деп куйгон патриоттук жене оюм болуп саналат.А сиз кандай ойлоносуз ? Билесизби гимн, гербде монгулор чагылдырылган биз монгулорлу коздун карегиндей сакташыбыз керек

    Ответить

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Текебаев: «Эл «булар дагы эмнени баштаганы жатышат?» деп ойлобойбу?» деп күмөн санадым»

Текебаев: "Эл "булар дагы эмнени баштаганы жатышат?" деп ойлобойбу?" деп күмөн санадым"

08:58 25.03.2026
200 чакырым/сааттан ашык ылдамдык! Автоунаа айып короо жайына киргизилди

200 чакырым/сааттан ашык ылдамдык! Автоунаа айып короо жайына киргизилди

09:25 25.03.2026
Минкаб төрагасы Казакстанга жумуш сапары менен барат

Минкаб төрагасы Казакстанга жумуш сапары менен барат

09:37 25.03.2026
Минкаб төрагасы Казакстанга жумуш сапары менен барат

Минкаб төрагасы Казакстанга жумуш сапары менен барат

09:37 25.03.2026
200 чакырым/сааттан ашык ылдамдык! Автоунаа айып короо жайына киргизилди

200 чакырым/сааттан ашык ылдамдык! Автоунаа айып короо жайына киргизилди

09:25 25.03.2026
Текебаев: «Эл «булар дагы эмнени баштаганы жатышат?» деп ойлобойбу?» деп күмөн санадым»

Текебаев: "Эл "булар дагы эмнени баштаганы жатышат?" деп ойлобойбу?" деп күмөн санадым"

08:58 25.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү