2024-жылы аймактардагы бардык маданият тармагындагылардын кийим-кечеги жаңыланды. Үн күчөткүч аппараттар жаңыланды. Бул тууралуу Маданият министри Алтынбек Максутов жылдын жыйынтыгы тууралуу билдирүүдө айтты.
«Спорт тармагында 16 спортчубуз ийгиликтерге жетип, өлкөбүздүн намысын коргоду. Жаштар саясаты боюнча жаңы программалар ишке ашырылууда, кино тармагында бюджет 38 пайыз көбөйтүлдү. Сериалдарды тартуу да ишканасы ачылды. Андан тышкары, Манас театры ачылып, Изибаев атындагы цирк капиталдык ремонттон өткөрүлдү», — деди министр.










