Бүгүн, 18-июль күнү Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта Маданият министрлигине жаңы унаалар салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана министрликке караштуу маданият жана искусство мекемелеринин жетекчилери, кызматкерлери жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү катышты.
«Тапшырылган унаалар маданий иш-чараларды, фестивалдарды жана жаштар саясатын өнүктүрүүгө багытталган иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн пайдаланылат. Ошондой эле, автобустар аймактарда логистиканы жакшыртып, маданий жана жаштар демилгелерин ыкчам ишке ашырууга жана түзүлгөн кырдаалдарга өз учурунда жооп кайтарууга мүмкүндүк берет»,— деп айтылат маалыматта.











