Жума, 17.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

«Мага утуп алган миллион эмес, Кыргызымдын колдоосу маанилүү болду». «Кондитер» шоу берүүсүнүн жеңүүчүсү менен маек

10:35 22.10.2021
0
«Мага утуп алган миллион эмес, Кыргызымдын колдоосу маанилүү болду». «Кондитер» шоу берүүсүнүн жеңүүчүсү менен маек

Кыргызстандык Анара Мурзакулова Орусиянын «Пятница» каналындагы «Кондитер» шоу берүүсүнүн 5-сезонунун жеңүүчүсү аталып, 1 миллион рублга ээ болду. Ал СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маек берип, долбоордогу кыйынчылыктары, жакындарынын колдоосу, миллионер болуу сезимдерин бөлүштү.

Өзү жөнүндө…

— Мен 33 жаштамын. Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Кулатов айылынан болом. Орусияга 2006-жылы келгем. Ошол жылдан бери Кыргызстанга келип-кетип жүрөм. Эсептеп көрсөм, 16 жылдын жүзү болуптур. Мен да катардагы жаштардай эле 11-классты бүтүп, жогорку окуу жайга тапшырайын дегем, бирок мен окууну бүткөн жылдары ата-энем кыйналып турганын көрүп, андан көрө жардам берейин деп Орусияга келе бергем. 

6-класста башталган кызыгуу…

— Кондитердик жаатта жүргөнүмө 15 жыл болуптур. Бирок 6-7-классымдан тарта эле бышырууга кызыгып, үйдөн булочкаларды жасайт элем. Эми минтип өз алдымча иштеп жүргөнүмө 5 жыл болуп кетиптир. Ага чейин тажрыйба топтоп, чоң-чоң фабрикаларда иштеп жүрдүм.

Долбоордон түшкөн сунуш…

— Кондитер Ренат Агзамовдун «Агзамов» деген логотиби бар. Ошол логотипти издеп жүрүп эле сайттан таап алдым. Анан ушундай шоу, долбоор бар экенин уктум. «Пятница» телеканалынын сайтын карап чыктым. Анан билдирүү таштадымбы же жокпу билбейм, таппай калдым. Кийин мени өздөрү Инстаграмдан таап, сүрөтүмдү алып, «5-юбилейлик сезон болуп жатат, ошого биз ар кайсы улуттун өкүлдөрүн алабыз, торттордо улуттук начинка болсун, катышып бериңиз» деп жазышыптыр. Сүйүнгөнүмдөн баарына жарыя кылдым. Жакындарымдын «сен мыкты жасайсың, барып көр» деген сөздөрүнөн улам катыштым. 

3 ай талыкпаган эмгек…

— Шоу көп эмгекти талап кылды. 3 айдай даярдандым. Күндө торттордун декорлорун жасайм. Ар кандай нерселерди ойлоном. Эки кызымды отургузуп алып, долбоорго тартылганда айта турчу сөздөрүмдү айтам. Кыздарым жанымда сөздөрүмдү угуп, 3-4 ай отурган соң тажаганын айтышты. Жолдошум экөөбүз бир видеону 2 саат тартчубуз. Ошентип 3 ай өтүп кетти. 

Миллион рубль эмес, миллиондук кадыр…

— Миллион акчам бар деп көкөлөп, мактанып айта албайсың. Бардыгында эле ушундай болсо керек. Мен миллионер деген сөздү акча каражат катары эмес, менин кондитердик жаатта миллионер экенимди баамдадым. Ушунча кыргызстандыктар колдоп, кубаттап, жакшы сөздөрүн айткандан кийин финансылык эмес, моралдык жактан миллионер болгонума кубандым. 

Шоу берүүдөн кийин ачылган каалгалар…

— Шоу берүүдөн кийин көптөгөн сунуштар түштү. Бишкектен, Кореядан, АКШдан инвестор болобуз дегендер болду. Колдогондор өтө эле көп. Жеке ишкерлер да жазып калышат. Москвада деле колдойбуз дегендер бар. Кондитер фабрикасын ачалы деген эже-сиңдилер бар. Мен буга абдан кубанычтамын. 

Торт жасоодогу кемчиликтеримди угууну каалагам… 

— Мен долбоорго жеңиш үчүн эмес, торт жасоодогу кемчиликтеримди угуу үчүн баргам. Байгеге 1 миллион рубль коюлганын кийин уктум. Финал экен дедим, мынчалык болуп кетем деп ойлогон эмесмин. Анын үстүнө Кыргызстан ушунчалык колдойт деп да ойлобогом. 

Сандыкта катылган миллион…

— Миллионду корото элекмин. Сандыкта турат (күлүп). 

Жакындардын колдоосу…

— Жолдошум мени колдойт. Башында жолдошум торт жечү эмес, мен жасай баштаганы жеп баштады. Жолдошума да кыйын болду. Сынак учурунда жолдошума мурда жок мүнөздү көрсөтүп койдум (күлүп). Эң негизгиси ошого чыдады. Финалга чыкканымды сүйүнчүлөйүн десем, ошол медианын алдында күтүп турган экен. «Акылдуум» деп койду. Анан кайненеме чалдык. Ыраазычылык айттым. Ыйлады. Мен үчүн баары кубанды. Ал эми мага эң кыйыны суперфинал болду. Мурда катышып көрбөсөм, атаандаштар да күчтүү болду. 

Мээрим менен берилип жасалган торттор…

— Менин тортторумдун даамдуу чыгышынын сырын деле билбейт экенмин. Эң негизгиси тортторумду берилүү, анан мээрим менен жасайм. Болбосо, Орусияда тортторго кошулуучу нерселерди баарыбыз эле бир жерден алабыз да.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Араванда капуста бышып, сатыкка чыкты

Араванда капуста бышып, сатыкка чыкты

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:16 17.04.2026
0

Ош облусунун Араван районунда башка аймактарга салыштырмалуу жашылча жемиштер 2-3 жума эрте бышат. Учурда капустанын басай сорту бышып, дыйкандар экспортко...

Төө-Ашуу жана Өтмөктө кар жаап жатат

Төө-Ашуу жана Өтмөктө кар жаап жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:49 16.04.2026
0

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу 15-апрелден 19-апрелге чейин жаан-чачын күтүлүп, абанын температурасы жогорулайт. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу...

Президенттин Ошко иш сапары жыйынтыкталды: жарандардын кайрылуулары көз жаздымда калбайт

Президенттин Ошко иш сапары жыйынтыкталды: жарандардын кайрылуулары көз жаздымда калбайт

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:40 16.04.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун Ош облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды. Өлкө башчысы Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев менен биргеликте...

Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:52 16.04.2026
0

Кечээ, 15-апрелде Бишкек шаарынын ЖЭБнин базасында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиевдин төрагалыгы алдында...

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:04 15.04.2026
0

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча: учурда тоннелдерди казуу жана инфраструктураны даярдоо иштери жүрүүдө. Инфраструктура жаатында: убактылуу...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Ошто түнү мушташкан жарандардын видеосу боюнча уруп-сабоого шектүү кармалды

Ошто түнү мушташкан жарандардын видеосу боюнча уруп-сабоого шектүү кармалды

09:40 17.04.2026
Ош шаарында 6-кабаттан студент кыз боюн таштаган, учурда жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда

Ош шаарында 6-кабаттан студент кыз боюн таштаган, учурда жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда

10:21 17.04.2026
91 миллион сомдон ашык салыкты мыйзамсыз эсептөө аныкталды

91 миллион сомдон ашык салыкты мыйзамсыз эсептөө аныкталды

10:46 17.04.2026
Маматалиев кыргызстандыктар үчүн Түркиянын ооруканаларында дарыланууга бөлүнгөн квотаны көбөйтүүнү сунуштады

Маматалиев кыргызстандыктар үчүн Түркиянын ооруканаларында дарыланууга бөлүнгөн квотаны көбөйтүүнү сунуштады

16:38 17.04.2026
Милиция кызматкерлеринин кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Милиция кызматкерлеринин кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

11:40 17.04.2026
УКМК Ош мэриясындагы жасалма тендерге байланыштуу коррупциялык схеманы аныктады

УКМК Ош мэриясындагы жасалма тендерге байланыштуу коррупциялык схеманы аныктады

11:24 17.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү