Май майрамдарында «Ала-Арча» жаратылыш паркына чейин жарым-жартылай экспресс автобус каттамы уюштурулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
1-майдан 11-майга чейин борбордон «Ала-Арча» жаратылыш паркына чейин жарым-жартылай экспресс автобус каттамы уюштурулат. Каттамдын акыркы аялдамалары Эски аянтта жана «Ала-Арча» жаратылыш паркында жайгашат. Жол кире накталай төлөөдө 50 сом, накталай эмес төлөөдө 40 сом болот.
Автобустар саат 08:00дөн 19:00гө чейин каттайт, зарыл болгон учурда иш тартиби кайрадан каралып чыгат. Каттамды газ менен жүргөн 12 метрлик заманбап ISUZU автобустары тейлейт. Мындан тышкары, «Ала-Арча» жаратылыш паркынын ичинде акысыз негизде эки жаңы электробус каттайт.