Шейшемби, 23.09.2025
Бишкек booked.net
+13...+17° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

«Мал кайтарып отурасыңарбы?». Интернетке тараган видео боюнча министрлик жооп берди

09:53 05.05.2025
1
«Мал кайтарып отурасыңарбы?». Интернетке тараган видео боюнча министрлик жооп берди

Буга чейин социалдык тармактарда «дарыгерлер балама биринчи жардам көрсөтө албай жатышат» деген эненин видеосу тараган.  Анда эне баласын ооруканага алып келгенин, ооруканадагы дарыгерлер биринчи жардам да көрсөтө албай жатканын айтып, дарыгерлерди урушуп жатканын көрүүгө болот. Ал ошондой эле дарыгерлерди уйкусу ачылбайт деп айыптап, «Бул жерде эшек такалап отурасыңарбы же мал кайтарып отурасыңарбы?» деп жатканын угууга болот. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги жооп берди.

«1-май күнү таңга маал эне 17 жаштагы уулун такси менен Бишкек шаардык медициналык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына алып барган. Кезметте турган дарыгерлер бейтапты кабыл алуу бөлүмүндө дароо кароодон өткөрүшкөн. Бейтаптын дем алуусу жана жүрөк согушу туруктуу болгону, бирок аң-сезиминде жай реакция (заторможенность) байкалганы белгиленген. Баланын абалына жараша ал дароо «Амбулатордук диагностика бөлүмүндөгү» шашылыш жардам кабинетине жеткирилип, кандын басымы жана кычкылтек деңгээли үчүн мониторлорго туташтырылган.

Ал учурда ооруканада бейтаптар көп болуп, медицина кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп жатышкан. Бирок баланын энеси өз эмоциясын кармай албай, катуу үн чыгарып нааразычылык билдирип, медицина кызматкерлеринин ишине тоскоолдук жаратып, агрессивдүү жүрүм-турум көрсөтө баштаган. Ал негизсиз түрдө дарыгерлерди уктап жатышат деп айыптап, видеого тартып, ооруканада каталка жок деп билдирген. Бирок медперсоналдын айтымында, ооруканада бир нече каталка жана носилка дайыма жеткиликтүү болгон жана бала алар менен алынып келмек. Бирок эненин агрессиясынан улам дарыгерлер өзүн жоготуп коюп, носилканы унутуп калышкан жана баланы кол менен көтөрүп барып, реанимацияга жеткиришкен.

Ошол маалда реанимация бөлүмүндө башка оор абалдагы бейтаптар болгондугуна карабай, реаниматолог дарыгер баланын энесинин кыйкырыгына, кемсинтүүсүнө жана видеого тартуусуна карабай, ыкчам медициналык жардам көрсөткөн. Бир нече адистин катышуусунда балага текшерүү жүргүзүлүп, тийиштүү дарылоо берилген. Алгачкы кароонун негизинде баланын абалы реанимацияда кармоону талап кылбаганы аныкталган. Ага кусууга каршы дары сайылып, хирургиялык патология четтетилген.

Абалы турукташкандан кийин бала рентген текшерүүдөн өтүп, андан кийин кайрадан кыска мөөнөттүү дарылоо бөлүмүнө жаткырылып, дарылоо ошол жакта уланган. Бейтаптын абалы канааттандырарлык деп бааланган. Ошого карабастан, эне кыска мөөнөттүү дарылоо бөлүмүндө да чыр-чатактуу жүрүм-турумун улантып, коридордо катуу сүйлөп, медицина кызматкерлеринин кадыр-баркын кемсинткен жана алардын аброюна шек келтирген.

Балага “ашказандын функционалдык бузулушу” деген диагноз коюлган – бул убактылуу абал болуп, кусуу, ашказанда оордук же оорутуу менен коштолот. Мындай абал көбүнчө стресс, туура эмес тамактануу же инфекциялардан кийин пайда болот. Кийинчерээк эне уулуна энергетикалык суусундук алып келип берген. Саат 10:00 чамасында ооруканага түшкөндөн беш саат өткөн соң, бейтап врачтар тарабынан кайрадан текшерилип, абалы турукташканына байланыштуу эненин каалоосу менен үйүнө чыгарылган. Бул убакыт аралыгында бала ооруканада тыкыр медициналык көзөмөлдө болгон.

Бул окуя боюнча дарыгерлер укук коргоо органдарына кайрылды. Тийиштүү органдарга өткөрүп берүү үчүн видеодалилдер бар. Оорукананын жетекчилиги медицина кызматкерлеринин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо максатында мамлекеттик органдарга кайрылууга аргасыз болду», — деп айтылат маалыматта.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

24-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

24-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Автор Эдита Ильясова
18:39 23.09.2025
0

Эртең, 24-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда,...

Эсеп палатасы Акыйкатчы аппаратын текшерди

Эсеп палатасы Акыйкатчы аппаратын текшерди

Автор Эдита Ильясова
16:12 23.09.2025
0

19-сентябрда Эсептѳѳ палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Анда 2023-2024-жылдар аралыгына карата Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратынын бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин...

Депутат Эльдар Сулайманов Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттер аралык форумунда сөз сүйлөдү

Депутат Эльдар Сулайманов Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттер аралык форумунда сөз сүйлөдү

Автор Эдита Ильясова
15:39 23.09.2025
0

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Эльдар Сулайманов Бишкек шаарында өтүп жаткан...

Ошто ата-энеси тарабынан тилемчиликке чыгарылган 6 өспүрүм аныкталды

Ошто ата-энеси тарабынан тилемчиликке чыгарылган 6 өспүрүм аныкталды

Автор Эдита Ильясова
14:51 23.09.2025
0

Ош шаарында тилемчиликке каршы рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн жашы...

Өлкөнүн айрым аймактарында үшүк жүрөт

Өлкөнүн айрым аймактарында үшүк жүрөт

Автор Эдита Ильясова
14:28 23.09.2025
0

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 24-25-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунун тоо этектеринде үшүк...

Комментарийлер 1

  1. Сара says:
    5 месяцев ago

    Бул жерде эмне болгонун коргон жокмунго бирок мен балдарым ооруп калса коркуп кетип сразу больницага алып барам озум да ден соолугума байланыштуу коп бардым ото копол мамиле кылышат жалалабадагы психотерапевтке баргам кайра оорукчан кылып жаман болдум скорый чакыралабы деп коёт дагы. Бишкекте 3 балдар ооруканасына приёмныйга ыраазы болдум ото сонун карады.

    Ответить

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Бишкекте жеңил унааны экскаватор менен талкалап салган айдоочу үн катты (видео)

Бишкекте жеңил унааны экскаватор менен талкалап салган айдоочу үн катты (видео)

10:54 23.09.2025
Таанышын таш менен ургулаган шектүү кармалды (видео)

Таанышын таш менен ургулаган шектүү кармалды (видео)

09:33 23.09.2025
Сузакта өгөй кызын 2 жыл зордуктап жүргөн делген атага сот чечими чыкты

Сузакта өгөй кызын 2 жыл зордуктап жүргөн делген атага сот чечими чыкты

15:25 23.09.2025
24-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

24-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

18:39 23.09.2025
Эсеп палатасы Акыйкатчы аппаратын текшерди

Эсеп палатасы Акыйкатчы аппаратын текшерди

16:12 23.09.2025
Депутат Эльдар Сулайманов Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттер аралык форумунда сөз сүйлөдү

Депутат Эльдар Сулайманов Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттер аралык форумунда сөз сүйлөдү

15:39 23.09.2025

АРХИВ

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
« Авг    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү