Муфтият маркумдун сөөгүн жерге берүү боюнча жаңы фатва чыгарды.
1. Маркумдун үйүнөн алгачкы үч күн ичинде мал союлуп, келгендерге тамак-аш берүүгө тыюу салынат.
2. Маркумга атап, үчтүк, бейшембилик, жетилик, жыйырмалыгы, кырктыгы, элүү экилиги, жылдыгы сыяктуу аталыштар менен мал союулар, тамак аш берүү болбойт.
3. Кандайдыр бир кездемени кичинекей бөлүкчөлөргө айрып “жыртыш” таратып берүү, “бел боо”, “ак кийди”, “көк кийди” — деген кийиттерди берүү ысырапкорчулукка жол берүү болот жана ага тыюу салынат.
4. Мүрзөнүн үстүнө мрамор таштардан, граниттен, темирден жана ушул материалдарды айкалыштыруу менен жасалгаланган монументтерди, статуяларды, эстеликтерди жана мүрзө плиталарын тургузууга жана орнотууга тыюу салынат.
5. Фатваны аткаруу бардык Кыргызстан мусулмандары үчүн шарияттык милдет болуп эсептелет.