Abank_oct
SerepTV Logo

Маматалиев Баткендеги социалдык жана инфраструктуралык объектилердин абалы менен таанышты

Маматалиев Баткендеги социалдык жана инфраструктуралык объектилердин абалы менен таанышты
 
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районундагы бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилердин абалы менен таанышты. Алгач төрага 21 чакырым узундуктагы Кайрагач – Бешкент – Андархам унаа жолунун абалын көрүп чыгып, тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматын укту.

Марлен Маматалиев чек ара аймактарындагы жолдорду жакшыртуу жергиликтүү элдин жашоо шартын жеңилдетүү менен катар аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө да өбөлгө түзөрүн белгиледи. Муну эске алуу менен быйылкы жылы 5 чакырым жолдун курулушун бүтүрүү талабы айтылды. Андан соң төрага Карл Маркс (Андархам) айылында жайгашкан А.Бабаханов атындагы орто мектептин абалы менен таанышты. Мектептин негизги корпусу 1972-жылы курулган. Имарат учурда жараксыз абалда турганына карабастан 564 окуучу эки нөөмөттө билим алууда. Буга байланыштуу 375 орундуу жаңы мектептин долбоордук-сметалык документтери даярдалган.

Билим уясынын абалын көрүп чыккан Марлен Маматалиев балдардын коопсуздугуна байланышкан маселелерди создуктурууга болбой турганын белгилеп, жаңы имарат куруу маселесин тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте чечүү зарылдыгына токтолду. Андан ары төрага Эски-Оочу айылындагы А.Момунов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептин абалы менен таанышты. 270 окуучуга ылайыкталган имарат 1996-жылы толук бүтпөгөн абалда пайдаланууга берилип, ошондон бери капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн эмес. Учурда мектепте 350 окуучу эки нөөмөттө билим алат. Ал эми жаңы мектеп куруу үчүн 1 гектар 73 сотых жер бөлүнгөн. Мындан тышкары, Марлен Маматалиев Жаштык – Борбордук – Арка багытындагы 9 чакырымдык автоунаа жолунун абалы менен таанышып, тиешелүү жетекчилердин маалыматын укту.

Иш сапардын жүрүшүндө төрага Сүлүктү шаарында жайгашкан Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунуна барып, анда окуу жайдын инфраструктурасына байланышкан маселелер талкууланды. Парламент башчысы окуу жайдын ишмердүүлүгү, билим берүү жана материалдык-техникалык базасы менен таанышып, педагогикалык жамаат жана студенттердин сунуш-пикирлерин укту. Ошондой эле жолугушуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңештин атынан институттун материалдык-техникалык базасын чыңдоого көмөк көрсөтүлөрүн белгилеп, керектүү медициналык жабдууларды жана техникалык каражаттарды алып берүүгө колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Андан соң төрага Жеңиш айылындагы «Жеңиш» орто мектебинин жана «Балажан» балдар бакчасынын абалынан да кабар алды. Алсак, «Жеңиш» орто мектеби 1976-жылы 120 орунга ылайыкталып курулган. Учурда анда 312 окуучу билим алат. Бирок имарат авариялык абалда деп табылып, 375 орундуу жаңы мектеп салуу сунушталган. Ал эми «Балажан» балдар бакчасы жайгашкан имарат 1965-жылы курулган. Учурда бул имарат дагы авариялык абалда болгондуктан, жаңы бала бакча куруу зарылдыгы күч.

Марлен Маматалиев белгилегендей, президент Садыр Жапаровдун билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган саясатынын алкагында мындай айылдар да мамлекеттин көңүл борборунда болушу керек. «Акыркы жылдары өлкөдө мектеп, бала бакча жана башка социалдык объекттердин курулушу жигердүү жүрүүдө. Бүгүн мурдагыдай каражат тартыштыгы эмес, мамлекеттин мүмкүнчүлүгү кеңейип, курулуш тармагына жетиштүү каражат бөлүнүп жатат. Андыктан бул билим уясын мүмкүн болушунча тез арада бүткөрүп, пайдаланууга берүү айыл тургундары үчүн өтө маанилүү маселе. Балдарыбыз татыктуу шартта билим алышы кажет», - деди төрага.

Иш сапарга «Элдик» депутаттык тобунун жетекчиси Акылбек Түмөнбаев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Камила Талиева, Чыңгыз Ажибаев, Исманали Жороев, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.
SEREP MEDIA