Мамлекеттик цирк 1 жумада эле 5 370 000 сом пайда тапты. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
«Мамлекеттик цирктин мурдагы абалын жакшы билесиздер, адам киргис абалга жетип калган болчу. Көрүүчүлөргө ыңгайсыз, ичи жагымсыз жытка толгон, жайында ысык, кышында суук. Президент Садыр Жапаров абалын өзү барып көргөндөн кийин, капиталдык ремонттон өткөрүү тапшырмасын Иш башкармалыкка жүктөгөн. Жакында оңдоо жумушу аягына чыгып, өлкө башчысынын катышуусу менен ачылышы болгон. Шарты түзүлгөндөн кийин келгендердин саны дагы өсүп, ага ылайык кирешеси көбөйүп, 1 аптада эле миллиондорду таба баштады.
1-декабрдан 8-декабрга чейин цирк таза 5 миллион 370 миң сом пайда тапты. Анын ичинен, BMW компаниясы арендага алып 1 миллион 360 миң сом төлөсө, 4 миллион 10 миң сом билетти сатуудан түшкөн. Айдын аягына чейин 13 миллион 312 миң сом пайда түшөрү күтүлүүдө. Мурда киреше эмес, банкроттук абалда эле. Азыр билет сатуулар дагы санариптештирилип, көзөмөлгө алынган», — деп жазылат маалыматта.