Бүтүрүүчүлөр 11-класста тапшырылчу мамлекеттик экзамендер “эч нерсеге таасир этпестигин” айтып, аны жоюуну суранышканын бүгүн, 5-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Дастан Бекешев билдирди.
Эл өкүлү мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жана алардын ата-энелеринин кайрылууларын айтты: «ЖРТ тапшырып жатабыз, кайсы ЖОЖго тапшырарыбызды дагы тандап койгонбуз. Мамлекеттик экзамендер эч нерсеге деле таасир эте албайт, эмнеге тапшырабыз? деп сурашты».
Депутат аларга жооп таба албаганын айтты. «Андыктан, Алмасбек Ахунжанович, сиз Билим берүү министрлигинен тактап, жообун кат аркылуу жиберип коюңузчу», — деп кайрылды Бекешев президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлүнө.