Жекшемби, 19.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Мамлекеттик катчы чек арадагы атышуу боюнча: «Күттүк – түттүк – бүттүк! Кол салгандар тийиштүү жообун алды!»

18:11 17.09.2022
0
Мамлекеттик катчы чек арадагы атышуу боюнча: «Күттүк – түттүк – бүттүк! Кол салгандар тийиштүү жообун алды!»

Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов 14-17-сентябрда Баткен облусундагы чек ара аймактарында болгон куралдуу кагылышууга байланыштуу каргашалуу окуялар боюнча кайрылуу жасап, кыргыз журтчулугун сабырдуулукка, ынтымакка жана биримдикке чакырды.

Мамлекеттик катчынын сөзү:

“Урматтуу мекендештер, ардактуу боордошторум! Бул күндөрү Кыргызстандын Тажикстан менен чектешкен чек ара аймактарындагы коогалаӊдуу окуялардын жүрүшүнө жүрүшүнө өтө өкүнүү менен баам салып турдук. Куралдуу кагылышуунун натыйжасында көптөгөн жарандарыбыздын өлүмү менен коштолгон каргашалуу окуя жөнүндөгү суук кабар баарыбызды кейишке салды. Күтүүсүз баскан капсалаңды ар бири өз жандүйнөсү аркылуу өткөрүп жаткан миңдеген мекендештеримди кейишке салгандай эле, менин дагы кабыргам кайышып турат.

Баткен аймагындагы чек арада жок жерден жаңжал чыгарып, бүлүк салган мындай каргаша биринчи ирет болуп жаткан жок. Бул жолу да душман өзү катылды, күтүүсүз курал атылды. Адегенде аларга теңелген эмеспиз: анан күттүк – түттүк – бүттүк! Кол салгандар жообун алды! Тажик тарап чабуул койгон айылдардын баары бошотулуп, жарандарыбыз өз жерине кайтып келе баштады. Тилекке каршы, биз тараптан да жоготуулар жок эмес. Абал дагы эле кооптуу болуп турат.

Биз үчүн мамлекетибиздин коопсуздугунан, калкыбыздын тынччылыгыбыздан артык эч нерсе жок. Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн сактоо, анын көз карандысыздыгын коргоо, коом турмушун турукташтыруу, өлкөнү ар тараптуу өнүктүрүү, ошондой эле таалим-тарбиялуу, илим-билимдүү, дени сак, акылы тунук жаӊы муундун өкүлдөрүн өстүрүү ар бирибиздин башкы милдетибиз болуп саналат.

Президент Садыр Жапаров бүгүн кыргыз элине Баткен коогалаңына байланыштуу кайрылуу жасап, кандуу кагылышуу учурунда каза болгон жарандарыбыздын жакындарына көңүл айтуу менен бирге, алардын үй-бүлөсүнө жакындан жардам берилерин баса белгиледи. Ошондой эле, мамлекеттик органдардын, тармактык мекемелердин, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине каргашалуу окуянын учурунда жабыр тарткан баардык жарандарга тезинен көмөк көрсөтүү тапшырмаларын берди.

Ушу тапта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев, Гүлнара Баатырова баштаган коргоо министрлигинин, ички иштер министрлигинин, жана башка дагы бир катар тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилиги убактылуу көчөрүлгөн адамдарды өз жерлерине жайгаштыруу, жабыр тарткан жактарга гуманитардык жардамдарды жеткирүү жана бөлүштүрүү, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, жараат алган алган жарандарга медициналык жардам көрсөтүү жумуштарын координациялоодо.

Андан тышкары, кыргыз калкы түп көтөрө түгөл чогулуп, кандуу каргашанын кээрин тарткан Баткен жергесинин тургундарына колдон келген жардамын бере баштады. Алгачкы 106 тонна жардам келип түштү. Баарыбызды көптөгөн курмандыктарга алып келген мына ушундай кыйчалыш кырдаалдан тезирээк чыгып, туруктуулук орносо, калкыбыз баштагы бейпил турмушуна өтсө, өнүгүп-өсүү жолуна түшсө деген эле бир тилек бириктирип турат.

Баардык мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери, алардын өздүк курамы, өзгөчө саламаттык сактоо жана өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин кызматкерлери кандуу кагылыш учурунда жараат алган жана жапа чеккен адамдарга кечиктирилгис жардам бериши керек. Анткени, карапайым калкыбыздын калың катмары мамлекетке, анын жетекчилигине илгери үмүт менен чоң ишеним артып турат, алардын ишенимин толугу менен актоого тийишпиз. Ансыз болбойт!

Биз, кыргыз эли буга чейин мындай кырдаалдарды далай жолу башыбыздан кечирип, жамандык-жакшылыкта кагылып-согулуп, турмуштан чоӊ сабак алган уюткулуу журтпуз. Жакындары каза болгон жарандарыбыздын үй-бүлөсүнө, тууган-туушкандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөм. Ал эми жараат алган жарандарыбызга тез сакайып кетишин тилейм. Ал эми жалпы мекендештеримди сабырдуу болуп, күтүүсүз каргашадан кабыргасы кайышып турган адамдарга колдоо көрсөтүүгө, колдон келген жардамыбызды берүүгө чакырам.

Маркумдардын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Алардын ар биринин жаркын элеси жүрөк түпкүрүндө бекем сакталат. Белиңиздерди бекем бууп, кайратыңыздардан жанбаңыздар. Жараткан кыргыз элин күтүүсүз каргашадан, бөөдө кырсыктан, жабышкак дарттан, орду толгус жоготуудан сактасын.

«Ачуу – душман, акыл – дос» дейт, жамы кыргыз журтун ынтымак менен ырашкерликке чакырам: сабырдуу бололу, түтүмдүү бололу, бири-бирибизге күйүмдүү бололу! Ошондо Кыргызстан өнүгөт, эч качан өз намысын чет душманга алдырбайт!”.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 200 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт

Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 200 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:33 18.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам берүү тууралуу тескемеге кол койду. Документке ылайык, Улуу...

Араванда капуста бышып, сатыкка чыкты

Араванда капуста бышып, сатыкка чыкты

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:16 17.04.2026
0

Ош облусунун Араван районунда башка аймактарга салыштырмалуу жашылча жемиштер 2-3 жума эрте бышат. Учурда капустанын басай сорту бышып, дыйкандар экспортко...

Төө-Ашуу жана Өтмөктө кар жаап жатат

Төө-Ашуу жана Өтмөктө кар жаап жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:49 16.04.2026
0

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу 15-апрелден 19-апрелге чейин жаан-чачын күтүлүп, абанын температурасы жогорулайт. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу...

Президенттин Ошко иш сапары жыйынтыкталды: жарандардын кайрылуулары көз жаздымда калбайт

Президенттин Ошко иш сапары жыйынтыкталды: жарандардын кайрылуулары көз жаздымда калбайт

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:40 16.04.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун Ош облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды. Өлкө башчысы Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев менен биргеликте...

Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:52 16.04.2026
0

Кечээ, 15-апрелде Бишкек шаарынын ЖЭБнин базасында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиевдин төрагалыгы алдында...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Спортчуларга стипендия төлөө тартиби боюнча жаралган талкууларга байланыштуу түшүндүрмө берилди

Спортчуларга стипендия төлөө тартиби боюнча жаралган талкууларга байланыштуу түшүндүрмө берилди

12:47 18.04.2026
Клёкнер: «Германия Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат»

Клёкнер: "Германия Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат"

12:54 18.04.2026
Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 200 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт

Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 200 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт

12:33 18.04.2026
Клёкнер: «Германия Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат»

Клёкнер: "Германия Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат"

12:54 18.04.2026
Спортчуларга стипендия төлөө тартиби боюнча жаралган талкууларга байланыштуу түшүндүрмө берилди

Спортчуларга стипендия төлөө тартиби боюнча жаралган талкууларга байланыштуу түшүндүрмө берилди

12:47 18.04.2026
УКМК: Сокулукта милиция кызматкерлери пара менен кармалды

УКМК: Сокулукта милиция кызматкерлери пара менен кармалды

12:42 18.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү