Ушул жылдын январь айында Салык кызматы 22 миллиард 554 миллион сом салык жана төлөмдөрдү чогултту. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Салык кызматынан белгилешкендей, бул көрсөткүч белгиленген пландан 3 миллиард 418 миллион сомго ашат. 2024-жылдын январына салыштырмалуу түшүүлөр 6 миллиард 500 миң сомго көбөйгөн. Камсыздандыруу боюнча 2025-жылдын январь айында 6 миллиард 714 миллион сом чогултулду. Бул пландалган көрсөткүчтөн 814,4 миллион сомго көп. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүш 839,8 миллион сомду түздү. Ошентип, чогултулган салыктардын жана камсыздандыруунун жалпы суммасы 2025-жылдын январында 29 миллиард 268 миллион сомго жетти.










