Буга чейин 2-январда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында тургундар газдын баасы кымбаттаганына нааразы болушуп, массалык түрдө митингге чыгышкан. Буга улай эле Актау шаарында да ушундай эле акция орун алган. Алар 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге өскөнүнө нааразы болуп, анын баасын 50-60 теңгеге ылдыйлатууну талап кылышкан болчу. Көп өтпөй, өлкөнүн башка шаарларында жаңы-өзөндүктөрдү колдогон митингдер башталып, 4-январь күнү кечинде нааразычылык акциясына чыккан жарандар саясий талаптарды коюшту.
Бишкекте жер алдындагы түтүктөр жарылып, жолдорду суу каптаса коркпоңуз. Сыноо жүргүзүлөт
22-апрелде жылуулук тармактардын тыгыздыгына сыноолор жүргүзүлөрүн “Бишкек жылуулук тармагы” ишканасы билдирди. Ишканадан жылуулук түйүндөрүнүн тыгыздыгы (басымды сыноо) боюнча пландуу гидравликалык...