12-январда «Манас» эл аралык аэропортунун жалпы күтүү залында жүргүнчүлөрдүн бири сумкасын унутуп калган. Бул тууралуу аэропорттон билдиришти.
Жүргүнчүлөр авиаташууларын уюштуруу кызматынын кызматкери Сүйүмбек уулу Канатбектин кесипкөйлүгүнүн жана кыраакылыгынын аркасында, жеке буюмдары жана 1 миллион 800 миң рубль салынган сумка табылып, ээсине кайтарылган.
«Бул окуя “Манас” аэропортунун кызматкерлери ар бир жүргүнчүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп, жеке буюмдарынын сакталышын камсыз кылып жаткандыгын дагы бир жолу тастыктап турат. Биз жоопкерчиликтүү жана чынчыл кесиптештерибиз менен сыймыктанабыз»,- деп айтылат маалыматта.