“Манас” эл аралык аэропортунда учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери башталгандыктан, дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү саат 18:00дөн 03:00гө чейин авиакаттамдар токтотулат.
“Авиакомпаниялардын баары оңдоо иштери тууралуу кабардар болду. Жүргүнчүлөргө рейстердин жаңы убакыт-саатын эске алууну өтүнөбүз”, — деп билдирди “Кыргызстан аэропорттору”.