Манас шаарынын 40 көчөсүнө Манастын 40 чоросунун ысымдары ыйгарылышы мүмкүн. Бул тууралуу шаар мэри Эрнисбек Ормоков шаардын «Достук» аймактык башкаруусунун жашоочулары менен болгон жолугушууда айтты.
Шаардагы бирдей аталыштагы көчөлөрдүн атын өзгөртүп, ошол эле учурда Манас шаары болгонуна байланыштуу Манастын кырк чоросунун атын көчөлөргө ыйгаруу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди.
Эми аймактык башкаруулардын, башкармалыктардын башчылары көчөлөрдүн аттарын жергиликтүү жашоочулар менен тактап чыгышып, көчөлөрдүн аттарын өзгөртүү боюнча шаардык кеңештин тиешелүү комиссиясына сунуш берилет.











